www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - УКТ мүчөсү «Улан Узун» кармалды

«Улан Узун» кайманаты бар уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө уюшкан кылмыштуу топтун таасирдүү мүчөлөрүнүн бири, кылмыш чөйрөсүндө “Улан Узун” деген ат менен белгилүү Барчакеев Улан Кыйбатбековичке мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

“2021-жылдын 1-мартында У.Барчакеев Бишкек шаарынын аймагынан кармалып жана анын катышуусунда тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгына жеткизилди.

КР УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында У.Барчакеев тарабынан кылмыш иш-аракеттерин жасоо жагдайлары жана анын кылмышка байланыштуу иштери аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.

У.Барчакеев Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости