www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ди-джейдин өлүмүнө шектүү жаран кармалды

Бишкекте «312» түнкү клубунун ди-джейинин өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Шектүү 1984-жылы туулган Л.В. аттуу жаран экендиги аныкталган.

Эске салсак, 25-февралда болжол менен түнкү саат 00:40тар чамасында Бишкек шаардык ИИББнин «102» кызматына «Чыгыш-5» кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлердин биринде эс-учун жоготкон белгисиз адам жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге Свердлов райондук ИИБнин тергөө-ыкчам тобу барып, көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринен белгисиз адамдын сөөгүн табышкан. Эксперт-криминалисттер оң жак ийинине тийген ок көкүрөк тушун тешип өткөнүн аныкташкан. Милиция кызматкерлери тарабынан каза болгон жарандын аты-жөнү аныкталган. Ал 1983-жылы туулган С.Д. аттуу жаран болгон. Ал Бишкектеги түнкү клубдардын биринде DJ Casper аты менен ди-джей болуп иштеп жүргөнү айтылды.

Бул факт Свердлов райондук милициясында Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда. Учурда бул кылмышка башка бирөөлөрдүн катышы бар же жок экендиги иликтенүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости