www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 6-апрель күнү Тажикистан Республикасынын Согдий облусунда Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков менен Тажикистан Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-полковниги Рахимзода Рамазон Хамронун расмий жолугушуусу болгон.
Улан Ниязбеков Тажикистан Республикасынан иш сапардан кайтып келе жатып Баткен облусуна иш сапары менен келип, Баткен ОИИБнын бөлүм башчылары жана район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери менен жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды койду.
«Шайлоого карата бардык мыйзам бузууларга, анын ичинде добуш сатып алуу фактыларына бөгөт коюлсун. Эгерде добуш сатып алуулар аныкталса, мыйзам чегинде ыкчам чаралар көрүлсүн. Шайлоо таза өтүшү керек, добуштарды сатуу же сатып алуу деген болбош керек. Таза шайлоо - бул Кыргызстандын келечеги. Биз шайлоо жана референдумду өткөрүү учурунда коомдук тартипти жогорку деңгээлде өткөрүп, ар кандай тартип бузууларга жол бербешибиз керек. Ички иштер органдары жергиликтүү шайлоо комиссиясы, жер-жерлердеги жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, укук бузууларга өз учурунда чаралар көрүүнү колго алгыла. Баарыңыздар татыктуу кыймыл-аракетиңиздер менен жарандар алдында натыйжалуу иш көрсөтүңүздөр. Бир дагы жаран тарабынан милицияга нааразычылыктар болбосун. Сөзүмдүн аягында, өтөп жаткан кызматыңыздарга терең ыраазычылык билдирем. Берген антка бек туруп, жүктөлгөн милдеттерди берилүү менен аткарып, коюлган тапшырмаларды аягына чейин аткарасыздар деп ишенем», - деди Улан Ниязбеков.
Ошондой эле, ал мамлекетибиздин бүтүндүгүн сактоодо, укук бузуулардын алдын алууда милиция кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө, калктын милицияга болгон ишенимин жогорулатууга милдеттүү экендигин белгилеп, ошол эле учурда коррупциялык көрүнүштөргө жол бербөөнү талап кылды. Жыйындын соңунда тергөө кызматынын 58 жылдыгы менен куттуктап, өз кесибинде жакшы жетишкен кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырды.
Булак: NazarNews.kg