www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Улугбек Ормонов: “Апам үчүн Жаныбек элем...”

- Улугбек Зулпукарович, балалык күндɵр кол жеткис эмеспи, ата-энеӊизге эркелеген убактыӊызды эске салгым келип турат…

- Мен 1963-жылы 3-декабрында Ɵзгɵн районуна караштуу Кеӊеш айылында туулгам. Атам Зулпукар, апам Майрамкан 8 балага тарбия беришти. Бир туугандарымдын баары жогорку билим алышкан. Биз удаа-удаа болгондуктан, бир учурда бешɵɵбүз студент элек.

Азыр ойлоп кɵрсɵм, ата-энебиз ошондогу кыйынчылыктарын балдарына билгизбестен, келечекте илимдүү-билимдүү, элдин уул-кыздары болсун деген изги тилектери менен жашаган экен.

Канчалык жашың өйдөлөгөн сайын балалыкты эстей баштайсың. Ошол убакка болгон сагыныч, кусалык, баёо сезимиң, кызык күндөрүң… Кезүүдөн мал кайтарып, боз топурак чаңын чаңыта, жылаңайлак чуркаган бойдон чүкө, жашынмак ойноп эч бир түйшүгү жок жыргап жүргөн күндөрүң тасмадай көз алдыңа чууруп өтөт.

Жашоонун оош-кыйышы менен түк ишиң жок, эчкимге баш ийбеген «өжөр» мезгил тура. Ошол балалыгымдын бал татымы алигиче оозуман кетпей турганын жон терим менен сезип келем.

- Адамдын ысымы менен жашоодогу маӊызы билинет дегендей атыӊызды ким койгон?

- Атам Амир Темирдин небереси көрүнүктүү астроном, математик, эл башчысы Улугбектин атынан атап коюптур. Эл керегине жараган уулдардан болсун деп ниет кылгандыр.

Апам менден мурунку агам Каныбекке уйкаштырып Жаныбек деп жүрдү. Бала кезде классташтарым Улугбек барбы деп чакырышса, ал ким менин баламдын аты Жаныбек деп калчу. Башкаларга Улугбек болсом жалгыз апам үчүн Жаныбек элем.

- Адам болуу апанын тарбиясынан башталат эмеспи.

- Атам совхоздо жетекчи кызматта иштеген үчүнбү эрте менен кетсе, кеч киргенде келчү. 8 баланы тарбиялып ɵстүрүү жалгыз апакебиздин мойнунда эле. Эсимде, бала кезде апам бир тай казанга мемиретип жарма жасачу.

Аны филягаларга толтуртуп, арыктагы сууга муздак турсун деп салып койчу. Совхоздо иштеген трактористтер, комбайнчылар, жана башкалар жолдо ɵтүп баратып суусундугу кангыча иччишчү. Мен дагы тамшана ичип алаар элем.

Апамдын ошондогу жармасынын даамы дале да оозумда калды. Бир кесени түбүнɵ калтырбай шимирип ичкенимдин күнү бүгүнкүдɵй эсимде, аттигиниӊ! Эс тартканга чейинки ата тарбиясын үлгү кɵргɵн бала күйүмдүү бала болот окшобойбу. Канчалык апабыздын этегине жармашып эрке болсок дагы, атанын сүрү ɵзгɵчɵ болот экен.

Кыргызда бекеринен атанын сɵзү ок дебестир. Жакшы ата түбɵлүгүн түптөп кетет дешет. Атам айылдаштарынын эӊ алдыӊкы, кадыр-баркка ээ инсан болгон. Негизи ата-энебиз башкаларга үлгү болчудай эле.

Эгер үй-бүлɵдɵ бир-бирине болгон ишеним, жарым сɵзүнɵн түшүнгɵн мамиле болсо, уруш-талаштар дагы азыраак болоор бейм. Мен ушундай үлгүлүү үй-бүлɵнүн уулу экенимдин ɵзү чоӊ сыймык.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости