www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров Ош облусундагы иш сапарынын алкагында Ош шаарында өткөн Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин коллегиясынын отурумуна катышты. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Вице-премьер-министр белгилегендей, өндүрүш тармагын өнүктүрүү жана инвестициалык климатты жакшыртуу үчүн өнөр жай тармагынын интерактивтүү картасын түзүү зарыл. 

«Пандемияга байланыштуу өнөр жай тармагындагы төмөндөө 5,5% ды түздү. Бул жагдайды чогуу оңдошубуз керек. Өнөр жайды туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында коюлган иш-чараларды толук кандуу аткарылышын катуу көзөмөлдөө керек. Кластердик ишканаларды түзүү жана аларды ишке киргизүү боюнча иш-чаралар канааттандырарлык эмес экендигин белгилейм.   Ошол эле учурда жаңы өнөр жай ишканаларын инфраструктура менен камсыз кылуу маселесин өзгөчө белгилегим келет. Инвесторлорду электр энергиясы менен камсыздоо жана башка болгон маселелер тез арада чечилүүгө тийиш», - деп белгиледи Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр тоо-кен тармагы боюнча токтолуп, Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекция экологиялык коопсуздукту көзөмөлдөө боюнча ишти күчөтүшү керектигин белгиледи. 

«Тармактык мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тоо-кен ишканаларынын үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылышы зарыл. Ошол эле учурда жергиликтүү калктын жана инвесторлордун кызыкчылыктарын эске алуу менен тараптардын компромисске  келүүсү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү шарт», - деди Равшанбек Сабиров. 

Ошондой эле Кыргызстандан чыгарылып жаткан руда жана концентраттардын ичинде баалуу металлдардын өлчөмүн аныктоо боюнча мамлекеттик көзөмөлдү орнотуу керектигин кошумчалады. 

Коллегиянын соңунда вице-премьер-министр тармактык мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү бийликке иштебей токтоп турган компаниялардын ишмердүүлүгүн жандандыруу жана калкка түшүндүрүү иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости