www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги жеке үйлөрдүн биринде жылытуучу система (котел) жарылып, үйдүн жашоочулары жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Келип чыккан өрттөн улам беш бала менен ата-энеси жабыркаган.

«Бейтаптар ооруканага түндө түшкөн. Балдар учурда балдардын шаардык клиникалык ооруканасында. Алардын абалы канааттандырарлык. 13 жаштагы бир баласы менен аял жана эркек киши Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда жатышат. Аялдын абалы оор, учурда жандандыруу бөлүмүндө», — дейт министрликтин маалымат кызматы.

Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборундагы баласы менен атасы күйүк бөлүмүндө экени айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости