www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Референдумда эл президенттик системаны тандайт, анткени Текебаев, Атамбаев, Отунбаева, Жээнбековдор парламенттик системаны толук дискредитациялашты» – деп айтты кечээ, 18-декабрда генерал Өмүрбек Суваналиев 5 каналдын «Бешинчиде бешөө» аттуу программасында.
«Азыркы күндө эмне үчүн Конституция иштебей жатат деп айтып жатышат. Анткени, башынан эле Текебаев Роза Отунбаева апчени таарынтпаш үчүн ага «устукан» берди, өткөөл мезгилдин президенттикти. Өзү спикер болорун билген, өзүнө парламенттик ыйгарым укуктарды алды. Атамбаевди президенттикке даярдашты, ага Конституцияда күч структураларын: Генпрокуратура, УКМКны беришти. Ошондуктан президент күчтүү болуп кетти.
Алар алдын ала «бул Конституция иштебейт» деп ошондо эле чечим чыгарып коюшкан. Бул жерде үчөө тең (Текебаев, Отунбаева, Атамбаев) пайда көрдү. Шайлоодо уткан партия өкмөттү түзөт.
Эмне себептен Отунбаева шайлоодо биринчиликти алган «Ата-Журтка» бербей Атамбаевге берди. Референдумда президенттик башкаруу 100% өтөт. Анткени, алар парламенттик системаны толук дискредитациялашты» – деди генерал Суваналиев.
Булак: NazarNews.kg