www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көлдө изделип жаткан өспүрүм табылган, бирок апасы үйүнө киргизүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнөн кабарлагандай 1-декабрь күнү Балыкчы шаарынын тургуну өзүнүн фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу түш ченде анын өспүрүм баласы лицейден чыгып кетип, дайынсыз болуп жатканын жарыялаган. Ошол эле маалыматында ал эгерде милиция баласын аман-эсен таап беришпесе, аларга карата чара көрөрүн дагы билдирген. Бирок, баласы жоголгон аял баласы дайынсыз болуп атканы боюнча милицияга кайрылган эмес.

"Социалдык түйүндө жарыяланган маалымат Ысык-Көл РИИБдин электрондук маалымат журналына катталып, дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөө иштери башталган. Анын жүрүшүндө 15 жаштагы өспүрүм Балыкчы шаарында энеси менен чогуу жашап жүргөнү, үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап Ысык-Көл районундагы лицейде 1-курста окуп, ошол окуу жайдын жатаканасында жашап жүргөндүгү белгилүү болгон. Андан тышкары, аталган өспүрүм август айында да үйүнөн кетип калып, кийин милиция кызматкерлери аны Бишкек шаарынан таап келишип, энесине кайтарып беришкени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.

Окуу жайындагы видеокөзөмөлдө камераларын изилдеген учурда, жаш өспүрүм болжол менен саат 14:30 чамаларында жалгыз лицейдин аймагынан белгисиз тарапка чыгып кеткендиги белгилүү болгон.

Дайынсыз жоголгон өспүрүмдү издөөгө Ысык-Көл РИИБдин, Балыкчы ШИИБдин өздүк курамы, кошумча окуу жайынын мугалимдери жана мэриянын өкүлдөрү да тартылган.

Издөө иштеринин натыйжасында өспүрүм 2-декабрга караган түнү болжол менен түнкү саат 01:00 чамаларында Балыкчы шаарынан аман-эсен табылган. Бирок аны энесинин үйүнө алып келгенде баласын үйүнө киргизбей, кайра окуу жайына алып кетишин талап кылган. Жагдайга байланыштуу милиция кызматкерлери өспүрүмдү окуу жайына алып келишип, социалдык педагогдун көзөмөлүнө өткөрүп беришкен.

Учурда Ысык-Көл РИИБ тарабынан тийиштүү иш кагаздар райондук балдар менен иштөө комиссиясынын кароосуна жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости