www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда жаранды опузалап ири суммада акча талап кылгандар колго түштү.
Белгилүү болгондой, 7-ноябрь күнү милицияга 29 жаштагы Сузак районунун тургуну кайрылган.
Арызда ал У.Д. аттуу адам: “Атаң кумар ойноп 4 300 000 сом акча карызы бар, ошону сен бересиң, жер участкаңдан 700 000 сом алып бересиң, бербесең өлтүрөм, үй-бүлөңө тынчтык бербейм”- деп опузалап коркутуп, 5 000 сом алып кеткенин айткан.
Аталган арыз боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексиндеги (“Опузалап талап кылуу”) беренеси менен катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында бул ишке шектүү катары Сузак районунун тургуну 1980-ж.т. У.Д. жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары 1982-ж.т. А.Б., о.э. 1977-ж.т. Ш.А. 110 000 сом акча алып жаткан жеринен кармалып, 48 саатка убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү 1982-ж.т. А.Б. 2011-жылга чейин аты-жөнү Б.У.А. болгондугу, ал эми 2013-жылы А.Б.А. кылып өзгөрткөндүгү, о.э. Бадыш каймана аты менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо тургандыгы аныкталган.
Жалал-Абад шаардык соту тарабынан шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы каралып, шектүү 1982-ж.т. А.Б. эки айга камакка алынган. Анын шериги үй камагына чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg