www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда шайлоо күнү миңден ашуун милиция кызматкерлери коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгунүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн 24-ноябрда Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында горнизондук саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чарага КР президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев катышты.

Облус башчысы горнизондук саптык кароодо Жалал-Абад облусунун бардык район-шаарларында тартип сакчыларына шайлоо өнөктүгүнө карата керектүү шарттар түзүлгөнүн билдирди.

Ошондой эле, Сыргабаев милиция кызматкерлери кылмыштуулуктун алдын алууда, коомдук коопсуздукту камсыздоодогу эмгеги чоң экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 28-ноябрда өтүүчү КР Жогорку кеңешинин депутаттарынын шайлоодо облустагы шайлоочулар 450дөн ашык участкада добуш бере алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости