www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл өкмөтүнө 704 миң 646 сом айып салынды. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын басма сөз кызматы бүгүн билдирди.

 «Жалгыз-Өрүк айылында инспекторлор тарабынан мыйзам бузуу аныкталган. Айылдын түштүк-батыш тарабындагы 1,34 гектар жайыт жери тиешелүү уруксат кагаздары жок айдалган. Ошондой эле 729 төөнүн куйрук бадалдары кыйылган. Ошентип, өсүмдүктөр дүйнөсүнө зыян келтирилген»,- деп айтылат инспекциянын билдирүүсүндө.  

Текшерүүнүн жыйынтыгында, Жети-Өгүз райондук сотуна айыл өкмөтүнөн 704 миң 646 сом өлчөмүндө келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча доо арыз берилген. 6-ноябрда сот доо арызды канааттандырды. 

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости