www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 10-январында өтө турган Кыргызстандагы президенттик шайлоого карата Россиянын аймагында 12 шайлоо тилкеси түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, шайлоо тилкелери Москва шаарындагы элчиликте, Екатеринбург жана Новосибирск шаарларындагы консулдуктарда, ошондой эле элчиликтин Владивосток, Иркутск, Красноярск, Санкт-Петербург, Сургут, Южно-Сахалинск жана Якутск шаарларындагы кеңселеринде тузүлгөн.

Орусияда жашаган кыргыз жарандары:

1. https://tizme.gov.kg сайтындагы шайлоочулардын алдын ала тизмесинен өзүнүн атын текшерип көрүүүсү керек;

2. Эгерде кандайдыр бир ката же так эмес маалымат тапса, анда Кыргызстандын Россиядагы элчилигине же тиешелүү консулдук мекемелерге белгиленген формадагы арыз (№1 форма) менен кайрылса болот;

3. Шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо жана шайлоого катышууну кааласа 2020-жылдын 19-ноябрынан 29-декабрына чейин Кыргызстандын Россиядагы элчилигине же тиешелүү консулдук мекемеге белгиленген формадагы арыз (№2 форма) менен кайрылуусу керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости