www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Театр-жашоо күзгүсү

Ийгилик максаттарды ишке ашыруудан көз каранды, иш жүзүнө ашкан мүмкүнчүлүк кайрадан жаңы ийгиликти чакырат. Мына ошондой мүнөздө бүгүнкү каарманымды көрүп турамын. Өзүнө ишенимдүү караган актрисалардан деп тааныйм.

Актрисанын мыктылыгы эмнеде экенин билесизби?! Актриса ролду тандабай, роль актрисаны издеп тапканында. Адатта, актёрдук кесипте эркиндик керек окшобойбу. Кыймыл, үн жана актёрдук чеберчилик - мына ушул үчөө жуурулуша келгенде, көрүүчүлөрдүн демин сезет чыгар... Бүгүнкү каарман ким десеңиз, албетте, өз кесибинин профессионалы Жипариса Көчөрбаева.

- Спектакль - бул жандуу дүйнө. Эгер көрүүчү спектакль менен кошо жашай алса, анда ошол актёрдун эмгеги деп билсек болобу?

- Албетте, бул режиссер, актер, сүрөтчү, дегеле бүтүндөй чыгармачыл жамааттын эмгеги. Театр – коллективдүү искусство. Спектаклди жаратуу үчүн көптөгөн адамдардын эмгеги талап кылынат. Бирок спектакль жандуу болгондуктан, негизинен чыгармага жан киргизген актердун чеберчилиги да зор роль ойнойт.

- Белгилүү болгондой адам өзүн-өзү сындагандан өтөөрү жок экен. Конкреттүү бир образыңыздан өтөөсүнө жетпей калып уялган учурларыңыз болгон беле?

- Андай учурлар болгон эмес. Бирок театрга мен жаңы келгенде режиссер Ж. Абдыкадыров А. Абдулиндин «13 башкарма» деген пьесасын койгон. Окуя колхоздун башкармасынын соттолуу процессин чагылдырчу.

Сахнанын ортосунда судья, эки тарабында сотко күбө катары келген колхозчулар отуруп, күбөлөр өз башкармасын актап сөз сүйлөшчү. Негизи пьесанын сюжети абдан кызыктуу болчу. Режиссер мени «сен да элдин арасында отурасың» деп күбөлөрдүн жанына отургузуп койгон. Менин персонажым пьесада жок болчу.

Режиссер мага «мындай жаса» деп эч кандай тапшырма да берген жок. Мен адегенде капа болдум, таарындым, анан актер катары өзүмдүн сахнадагы жашоомду түзүп алгам.

Спектаклдин башынан аягына чейин башка персонаждар сүйлөп жатканда, кээ бирин коштоп, кээ бирине нааразы болуп, анан дагы мага да сөз бергиле деген ниетте ордумдан тура калып, колумду көтөрүп, сөз берилбей калганына капа болуп, жан алакетке түшүп жатып, спектаклдин аягына чыкчумун.

Спектаклден кийин башкы ролду ойногондой эле абдан чарчачумун. Бирок режиссер мага «жакшы» же «жаман» деп да айткан жок. Кандай ойнодум экен деп кыжалат болгом. Көрсө, ал киши мени сынаган экен.

- Кинодо бир тартылган бойдон аны өзгөртүү кажетсиз. Ал эми театрда актёр же актриса кечээкисинен бүгүнкү образын мыкты чыгарышы мүмкүн. Көрөгөч режиссёр гана пьесаны өзгөртүп коюуга кудурети жетет экен. Ошондой режиссёрлорду жолуктургансызбы?

- Театр искусствосунун эң негизги өзгөчөлүгү – бул болуп жаткан окуя көрүүчүнүн көз алдында өтөт. Жасалма нерселер байкалып калат, бул көрүүчүнү иренжитет, аларды алдай албайсың. Спектакль уламдан-улам бышып жетилет. Бул баарына белгилүү чындык. Мен өмүрүмдө бир топ режиссерлор менен иштедим: И. Рыскулов, Б. Ибраев, И. Хейфец (орус режиссеру), А. Сарлыкбеков ж.б. сыяктуу кыргыз театрынын чыгаан режиссерлорунан тажрыйба алдым.

- Акын Юрий Левитанскийдин “Менин жашоом түзсүз тасма сыяктанат” деген ой-толгоосу бар экен. Сиз дагы жашоону чааралекей көрөсүзбү?

- Таамай айтылган сөз. Мен буга кошулам.

- “Чеховдук чеберчиликте” жашоосунан тайган адамдарга караганда таланттуу каармандарды сүйүү оңой деген курч сөздөрү бар. Бизде гана эмес, орус классиктерде болобу же дүйнөлүкпү уникалдуу таланттардын тагдыры тайкы болуп калганы эмнеден деп ойлойсуз?

- Алардын башкаларга окшобогондугунда деп ойлойм. Бирок бактылуу жашап өткөн таланттар деле көп. Мисалы, мен Ч. Айтматовду бактылуу адам деп билем. Эң негизгиси ал киши айтайын деген ойлорунун көбүн урпактарга айтып кетти.

- Адам жүрүшү бир түрү болсо, андан бүтүндөй айырмаланганы жан дүйнөнүн жүрүшү. Сатып кеткен адамдар болот (дос, тууган, кесиптеш) бирок жан дүйнөң сага эч качан чыккынчылыкка барбайт дегенге кандай карайсыз?

- Жан дүйнөң деген өзүңсүң да. Анан кантип өзүңдү-өзүң сатмаксың!?

- Негедир мага искусство тоо сыяктанат, ал эми андагы таланттардын кыйкырыгы ошол тоодон кайра өздөрүнө жаңырып тургансыйт. Нагыз искусствонун казанында кайнап жаткан талант катары айтсаңыз, канткенде маданият жааты жакшы нукка өзгөрөт?

- Азыр ар ким өз кызыкчылыгын гана ойлогон учур. Маданият тармагына мамлекет жетекчилери тарабынан олуттуу көңүл бурулганда гана оңолот. Баарын айтпасак да, башка тармактагы министрликтерге адистиги, билими тармакка шайкеш келген адамдар жетекчиликке келсе, маданият тармагында кимдер гана министр же министрдин орун басары болгон жок. Ар кайсыл кландар, жердешчилдер, өз проблемаларын чечип алайын деген аксакалдарыбыз киришип жатышып, өздөрүнө ылайыктууларды алып келип жүрүшөт.

Маданиятты ким көрүнгөндөрдүн баары эле башкара берет. Артисттер болсо өздөрүнүн жашоосун убактылуу арендага алгансып, өзгөрүүлөрдү күтүп, алданып жашап келишет. Айтканда эмне, баары бир биз жакында оңолбойбуз.

- Өпкө менен жүрөктүн байланышы кандай болсо, илим менен искусствонун байланышы да так ошондой болот; ал эки органдын бирөө иштебесе, экинчиси эч качан туура иштей албайт деп орустун улуу жазуучусу Лев Толстой айтып кетиптир. Профессионал таланттардан аксап бараткандайбыз... Дегеним, уюлдук телефон кармагандар оператор, өңдүү-түстүүлөр актёр же актриса, тың чыкмалар режиссёр болуп калды өңдөнөт...

- Эч кимди тыя албайсың. Ар ким өзү тандаган фильмди, спектаклди, операны көрөт, каалаган китебин окуйт. Ар ким өзүнүн деңгээлине, интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүнө жараша тандайт. Кыргыз жаштарынын көркөм табити бузулуп калды. Көркөм табитти тарбиялаш да мамлекеттик деңгээлде болуш керек деп ойлойм.

- Бороондуу күндө дагы ак чардак көнгөн деңизинен айрылбайт. Бир театрда иштеп келе жатканыңызга чейрек кылымга жакындап калыптыр. Театрдан эмне таптыңыз дагы, эмне жоготтуңуз...

- Эң негизгиси – театрдан мен өзүмдү жоготконум жок. Үйрөнгөнүм – адистигимди курчутканым.

- Сиз түптөгөн көчө театрынын ийгиликтерине токтоло кетсеңиз...

Мен 2001-“ Акайын” жаш таланттарды колдоо фондун ачкам. Анан көз карандысыз, өз алдынча иштеген маданий бирикмелерди иштетүү боюнча Польшадан, Америкадан стажировкадан өттүм. Ошентип «Акайын» фондун иштетип, театрда продюсердик иш менен да алектенип, каражат таап келип, спектаклдерди койдурдум.

Кийин 2004-жылы фонддун алдында «Бишкектин Жашыл театры» аттуу көчө театрын ачтым. Көчө спектаклдерин койдуруп, Борбордук Азия театрларынын көчө театрларынын фестивалдарын уюштуруп жүрөбүз. Көптөгөн көчө театрларынын эл аралык фестивалдарына катышып, көрүүчүлөргө өз эмгегибизди тартуулап, алардан да үйрөнөбүз.

Азыр чет мамлекеттерде бизди колдогон жана күткөн досторубуз көп. Быйыл июль айында көчө театрыбыздын эки спектакли менен Польшанын Краков шаарында өткөн 31 көчө театрларынын эл аралык фестивалына катышып келдик. Абдан кызыктуу болду. Биздин театрдын спектаклдеринин өзгөчөлүгү – окуя пластика менен музыканын коштоосунда чечилет, сөз жок, бирок баары түшүнүктүү.

- Котормолор менен дагы иштешет экенсиз?

- Ооба. Казак акыны, котормочу Мукагали Макетаевдин ырларына кайрылып которгон, ырлар жыйнагы китеп болуп чыкты. Казак жазуучусу, драматург Муктар Ауэзовдун «Енлик-Кебек» чыгармасын которуп, биздин театрда режиссёр Назым Меңдибаиров сахналаштырды.

 Бул спектаклдин жүрүшүндө дагы Мукагали Макетаевдин ырлары пайдаланылды. Түрк драматургу Тунджер Джуженоглунун «Бейтаанышын» которуп, режиссёр Шамиль Дыйканбаев 2018-жылы коюп чыкты.

- Максат токтогон жерде жашоо дагы токтойт дешет экен

- Максатка карай жолдомун.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости