www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чай кайнам
Талант, жөндөм жана аракетти айкалыштыра алган адам ар бир иштин майын чыгара аткарат.  Көптөгөн тасмаларда  жана театрда эсте каларлык роль жаратып келген, жаштардын арасынан суурулуп чыккан, өз кесибинин фанаты Жолдошбек Жанжигит мырза менен бир чай кайнам убакытта баарлаштык. 

-  Ар бир актёрдун алгачкы ролу эстен кетпейт экен?

-  Ошондогу өкмөттүн буйругу менен программанын негизинде биринчи жолу КТРдин алдында “Учур” теле-театры ачылып, аны Ш.Шаршенов жетектеген.  “Ак Мөөр” спектаклин сахналаштырган Акылбек Абдыкалыков болгон.

Ошондогу алгачкы Болоттун ролу менен тушоом кесилип, жалаң башкы каармандар буюрулду. Альбер Камюнун “Калигуласында” - Калигуланы, Гогольдун “Текшерүүчүсүндө” - сот Ляпкин-Тяпкинди, Ч.Айтматовдун “Жаабарсында” - Жаабарсты, “Кыяматында” - Базарбайды жана башка бардык жанрдагы башкы каармандар бактыма туш келди.

- Башкы каарман демекчи, “Даңазалуу доор” түрк сериалында дагы Султан Сулаймандын үнүн коштогонсуз. Кадимкидей кастинг жүргүзүлгөн беле?

-  Ага чейин миңге жакын тасмалардагы каармандарга үн коштогом. “Чыңгызханда” - Чыңгызханды, “Гладиатордо” - Максимусту, корей, түрк сериалдарында дагы башкы каармандарды сүйлөткөм.

Кастинг жүргүзүлүп раматылык КРнын эл артисти М.Токтобаев, КРнын эмге сиңирген артисти М. Козукеевдерди башкы каарман Султан Сулаймандын үнүн коштогонго даярдашкан. Эки жумадан соң, кайра мага Мырзакул Мамбеталиев агай телефон чалып: “Жоки, сен дагы окуп көрчү” деди. Бир абзац окуп бердим, ошентип көркөм кеңеш болбой эле кайра мени бекитишиптир.

Себеби актёрлордун үндөрү улуу болуп калыптыр. Султан Сулаймандан көп тажрыйба алдым. Андан сырткары аудио-китепчеден Т. Касымбековдун “Сынган кылычынан” 700 барак, Сагындык Өмүрбаевдин “Улуу үркүн” романын толук окуп бердим. Азыр дагы сунуштар болуп жатат. 

- Тажрыйбадан өткөн устат жок, бирок ага төлөнчү акы кымбат экен...

- Тажрыйба мезгил өткөн соң келет. Теориялык жактан билимди практика жүзүндө айкалыштыра алсаң тажрыйба топтой аласың. Театрда окуудан сырткары өзүнчө жазылбаган мыйзамдар бар.

Тажрыйбанын негизинде кийин ошого акылың жеткенде, турмушту устат кылуу менен жылдар өтүп шакирттериңе өзүң дагы устат болуп калганыңды байкабай каласың.

Кечээ мунун баары түш, кыялдар бүгүн иш жүзүнө ашканда мезгил улуу устат, ал эми адамдын тажрыйбасы тек гана көз ирмем. 

- Өзүңүзгө жаккан ролуңуз?

- Бардык аткарган ролдоруң өз балаңдай болуп калат. Негедир каармандарым Жаабарс менен Базарбай мага жакын каармандар. Экөө бир-бирине карама-каршы болгону менен экөөнүн тең жашоодо өз мыйзамы, өз чындыгы бар.

Базарбайдын ролу менин көптөн берки көксөп келген ролум эле. Аны аткарып жатып, улам жаңычылдыкты ача билесиң. Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы  философиясынын тереңдиги анын бийиктигинде, анын улуулугунда.

- Жубайыңыз дагы өз чөйрөңүздөн экени жалпыга маалым. Коломто отун өчүрбөй келүүдө чыгармачыл үй-бүлөгө бир топ кыйын дешет...

- Менин оюмча тескерисинче, эгер жубайын экөөң тең бир сферада болсоңор анда турмушту алып кетүү да жеңил. Айрыкча өнөр адамдарында сүйүүдөн дагы оболу бир-бирин түшүнүп жашоо чоң роль ойнойт.

Жубайым Анара Ажыканова экөөбүз тең бир театрда иштейбиз. 3-курста окуп жүрүп, жылдызыбыз келишип баш кошуп, үч баланы тарбиялап, азыркыга чейин ынтымакта  бирге түтүн булатып келебиз.

Динара Асылбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости