www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Биринчи май районунда тынчтык сактоо жана тамеки тартууга тыюу салуу мыйзамдарынын аткарылышы боюнча рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу райондук акимчиликтен билдиришти.
Рейдге Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери катышты. Текшерүүнүн алкагында кафе, ресторан жана барлар каралды.
Жалпысынан 15 мекеме текшерилди. Жыйынтыгында Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери тарабынан «Sushi Room» ресторанына карата административдик протокол түзүлүп, 50 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле милиция кызматкерлери тыюу салынган жерде тамеки чеккен үч жаранга карата жалпы суммасы 9000 сомду түзгөн протоколдорду толтурушту.