www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР саламаттык сактоо министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов COVID-19 инфекциясы боюнча суткалык антирекорддун себебин түшүндүрдү.

Анын айтымында, бүгүнкү статистика акыркы үч ай аралыгында катталганга салыштырмалуу болжол менен 3-3,5 эсеге көп.

"Белгиленген учурлардын бул саны лабораториялар иштебегендиктен топтолуп калды. 31-декабрда, 1-2-январда лабораториялар эс алышты. Дүйшөмбү күнү гана иштей баштады. Бүгүнкү маалыматтар бир нече күн бою топтолгон анализдердин жыйынтыгы", - деди ал.

Ошол эле учурда министрдин орун басары Кыргызстанда азырынча оорунун олуттуу өсүүсү байкалбаганын да белгиледи.

"Саламаттык сактоо министрлиги кырдаалды көзөмөлдөп жатат. Кандай болгон күндө да жарандарга санитардык эрежелерди сактоо — беткап кийүү жана колдорун жакшылап жуу сунушталат", — деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда бүгүн, 2021-жылдын 4-сентябрынан бери COVID-19 оорусунун суткалык антирекорду катталып, илдет 152 адамдан табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости