www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казактар канчалык күчтүү, көз карандысыз болсо, аларга ошончолук жакшы да. Мындай пикирин саясатчы Эмилбек Каптагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

"Орусиянын акыркы мезгилдеги Казакстанга карай жасап жаткан кысымдары менен азыркы болуп жаткан толкундоолордун башталышынын ортосунда кандайдыр бир ички байланыш барбы деген шек жаралбай койбойт го дейм...

Анын үстүнө орус тилдүү "эксперттер" дароо эле Американын "колун" дагы көрө калып жатышпайбы... көзү ачыктык кылышып...

Казакстандын алсырап калышы кимге кызык? Америкага эмес го дейм... Казактар канчалык күчтүү, көз карандысыз болсо, аларга ошончолук жакшы да. Алсыраган, чөгөлөгөн Казакстан азыр Москвага эле керек, бул дагы учурдун чындыгы.

Ал эми биз үчүн коңшу өлкөлөрдөгү тынчтык, алардын бакубат өнүгүүсү биринчи кезектеги зарылчылык", - деп белгилеген саясатчы.

Эске сала кетсек, 2022-жылдын алгачкы күндөрүндө Казакстандын батышындагы мунай өндүрүүчү район болгон Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау шаарларынын тургундары газга болгон баанын эки эсе кымбатташына каршы чыгышкан. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кырдаалды карап чыгуу үчүн өкмөттүк комиссия түзүүнү тапшырды. Ал 4-январда митингчилердин негизги талабын аткарып, газдын баасын арзандатууга даяр экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости