www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Дүйнөлүк банк жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү менен суу чарба тармагына инвестиция тартуу маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Жолугушуу Кыргызстанда суу ресурстарын башкаруу жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарын ишке ашыруу максатында болду.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө “Ирригацияга инвестициялардын улуттук программасы” долбоору талкууланып, анын алкагында 193 млн АКШ доллары көлөмүндө каржылоо мамлекетке тартуу каралды.
Белгилей кетсек, бул долбоор ирригациялык инфраструктураны жаңылоого, суу ресурстарын башкарууну жакшыртууга жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Өмүкө сугат каналынын жана Талас облусунун Бакай-Ата жана Айтматов райондорундагы Чоң Талас каналынын долбоордук-сметалык документтерин даярдоо маселелери каралды. Бул максатта 650 миң АКШ доллары көлөмүндө гранттык каражат бөлүнөт.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Эрлист Акунбеков жана Дүйнөлүк банк өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча тиешелүү протоколдорго кол коюшту.