www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суукта мектеп окуучуларын азапка салдык

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Кыргызстанда мектеп окуучулары аралыктан окуй турганы боюнча алдын-ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүү демилгесин көтөрдү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, Бишкек шаарында 215 миң мектеп окуучусу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык. Эртең менен мектепке барышса онлайн окуу деп кайра үйүнө жиберип атышат. Эшикте болсо кандай суук болуп атат көрүп жатасыңар. Онлайн окуу болорун 1-2 күн мурун айтып, министрдин буйругу жиберилген жок.

Суук аба ырайына байланыштуу 13-14-декабрь күндөрү Кыргызстанда мектеп окуучулары онлайн окууга өттү. Ата-энелер онлайн окуу тууралуу маалымат кеч берилгенин, балдар мектептерге барып алып убара болгонун айтып жатышат. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-декабрда аба ырайы туруксуз болот. 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости