www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сууктан электр тармагына күч келип жарык өчүүдө

Сууктун уланышы менен өлкөдө электр энергиясын пайдалануу көбөйүп, электр тармактарына күч келип жер-жерлерде жарык өчүп жатканын Улуттук электр станциялары ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, электр энергиясын ашыкча пайдалануудан тармактагы авариянын алдын алуучу коргоо системасы иштеп, жарык өчүп калууда. Энергетиктер жарык берүүнү жандандыргыча 1-1,5 саат убакыт керек болот.

Мекеме жарандарды электр энергиясын үнөмдүү пайдаланып, бир мезгилде бир нече приборлорду сайбоону, өзгөчө эртең мененки саат 6.00 -10.00 жана кечки саат 18.00 - 21.00 аралыгында буга кылдат мамиле кылууга чакырууда.

"Суук күндөрү энергетикалык мекемелердин жетекчилери кезек менен нөөмөткө чыгып, обьекттерде түнкү нөөмөт уюштурулду. Оңдоочу бригадалар автоунаа, тиешелүү тетиктер жана жабдуулар менен толук камсыздалган", - деп жазылган маалыматта.

Февралдын аягындагы сууктун күч алышы менен өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында электр энергиясы өчүп жатканына нааразылыктар күч алууда.

Кыргыз өкмөтү соңку эки жылдан бери таңкыстыкты жабуу үчүн Түркмөнстан, Өзбекстан жана Казакстандан 3 млрд кВт электр тогун импорттоп келет. Быйыл ага кошумча Орусиядан да 870 млн кВттан ашуун электр кубатын импорттоду. Өзбекстан жана Казакстан менен электр энергиянын айрым бөлүгү өз ара алмашуу аркылуу соодаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости