www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суусамыр өрөөнүндө козулардын өлүмү катталгандыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин ветеринардык адистер жана лаборатория кызматкерлери ыкчам түрдө жерине чыгып, иликтөө иштерин жүргүзүштү.

Адистер ооруп жаткан козулардан кан үлгүлөрүн жана патологиялык материалдарды алып, лабораториялык изилдөөгө жөнөтүштү.

Өлгөн козулардын сөөктөрүн текшерүү учурунда булчуң эттеринин агарып кеткени аныкталып, бул «ак булчуң» деп аталган жугушсуз оорунун белгилерине туура келери айтылды.

Ветеринарлардын маалыматына караганда, жаз мезгилинде козулар арасында Е витамининин жана селен микроэлементинин жетишсиздигинен улам «ак булчуң» оорусу жана жайыт тетаниясы сыяктуу оорулар көп кездешет.

Бул оору негизинен төлдүн жүрөк жана скелет булчуңдарын жабыркатат. Негизги белгилери катары баса албай калуу, буттардын калтырашы, жатып калуу жана дем алуунун оорлошуусу көрсөтүлөт. Убагында жардам көрсөтүлбөсө, жүрөк иштөөсүнүн начарлашынан өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Учурда жеринде мал ээлерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, козуларга Е витамини жана селен камтылган препараттар берилүүдө. Шектүү малдар өзүнчө бөлүнүп кароого алынып, короо-жайларда дезинфекция иштери жүргүзүлдү.

Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы чыккандан кийин кошумча ветеринардык-санитардык чаралар көрүлөрү айтылды.

Ветеринардык кызмат мал ээлерин малдын абалына өзгөчө көңүл бурууга чакырып, оорунун белгилери байкалса дароо адистерге кайрылууну эскертет.

Последние новости