www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкага элчи болуп кеткен Эдил Байсаловдун ордуна Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары кызматына көз кызарткандар арбыды. Буга дейре “эшектин тушоосун чечпеген” Чолпон Султанбекова сыяктуулар жалданма блогерлер аркылуу өзүн айга-күнгө теңетип мактата баштады. 

Өзү шайлоодо айткандай “суутулган атмын, минесиңер дагы чабасыңар” дегендей одалар жазылып бүтпөй жатат. Буга дейре эмнени кыйратып койдум деп дагы ойлонбойт экен бул кургурлар. 

Арийне, Султанбекованын мамлекеттик кызматтагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы олуттуу жетишкендиктер менен коштолгон эмес. Үч чакырылыш катары менен депутат, вице-спикер, комитет төрайымы жана вице-премьер кызматтарын аркалаганына карабастан, өлкөнүн социалдык саясатына же системалуу реформаларга олуттуу салым кошкон конкреттүү мисалдар жетишсиз.

Демек, азыркы шартта өлкөгө формалдуу тажрыйбасы бар эмес, реалдуу өзгөрүү алып келе алган, жаңыча ой жүгүрткөн жетекчилер керек. Вице-премьерлик кызмат жөн гана стажга эмес, натыйжалуулукка, жоопкерчиликке жана конкреттүү жетишкендиктерге негизделип берилиши керек. Султанбековга андай баага татыксыз экенин эчак далилдеген.

Последние новости