www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак райондук Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл жана оорулардын алдын алуу борборунун башкы дарыгери менен башкы бухгалтери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Бул туурасында Ички иштер министрлиги билдирди.

ИИМдин кабарында Төртүнчү башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы 47 жаштагы О.С. аттуу башкы дарыгер жана 46 жаштагы М.К. аттуу башкы бухгалтер COVID-19дун алдын алуу жана кесепеттерин жоюуга деп бюджеттен бөлүнгөн 300 миң сомду максатсыз пайдаланган фактыны тапканы айтылат.

"Кызматынан кыянаттык менен пайдаланып, каражатты өз мекемесинин кызматкерлерине кошумча маяна катары таратып берген. Өкмөттүн "Резервдик фонддун каражаттарын колдонуу жол-жобосу" боюнча токтомуна ылайык, бул акчаны маяна катары колдонууга тыюу салынат", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Жалал-Абад ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш жазык кодексинин 320 беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен катталып сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости