www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы премьер-министрликке талапкерди карап жатат. Жыйын ЖКнын чоң залында өтүүдө. Бул жерде колдоо тапкан талапкер парламенттин жалпы жыйынына чыгарылат.

Көпчүлүк коалициянын курамында КСДП, "Республика — Ата Журт", "Кыргызстан" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Белгилей кетсек, кечээ, 15-июнда, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү боюнча арызын жазган.  Ал эми бүгүн, президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине,   87-беренесинин 1, 2, 3-бөлүктөрүнө, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 23-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1-пунктуна жана 4-бөлүгүнө негизделип, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости