www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Сузак райондук архитектурасынын кызматкери жер участокторунда алдамчылык иши менен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 21-февралында, КР УКМКнын Жалал-Абад областык башкы башкармалыгында, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 4-пунктунда (Алдамчылык) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган материалдын алкагында, Сузак райондук архитектурасынын А.Н.О. аттуу адиси кармалган.

Такталгандай, К.О.С. аттуу Кыргыз Республикасынын жаранын ортомчу кылуу аркылуу жер тилкесин берүү боюнча Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомун пайдаланып, жеке турак жай куруу үчүн 2 жер тилкесин мыйзамсыз сатып жиберген.

Мындан улам, бөлүнгөн жер тилкелери (Дыйкан жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун) жерлери болгон жана «Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык жалаң гана айыл чарба өндүрүшүнө арналган.

Кармалган А.Н.О таандык жумуштук кеңсесин тинтүү учурунда Сузак районунун Сузак айылындагы жер тилкелеринин жасалмалоо белгилери бар 200дөн ашык документтери табылып алынган.

Азыркы учурда кармалгандар А.Н.О. жана К.О.С. байланыштуу башка ушул сыяктуу кылмыштарга катышуусуна багытталган тиешелүү тергөө амалдары жана ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

Мындан улам Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгы мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын катышуусунда жер участоктору менен алдамчылык фактылары боюнча мыйзам бузуулар болгон болсо жарандарды жана шаар тургундарын 03722 56049, 03722 54961 нөөмөт кызматына кайрылууну өтүнөт.

Последние новости