www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облустук милициясы  35 кг ашуун “марихуана” баңгизатын аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 13-ноябрь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери Сузак районунун аймагында “М” аттуу жаран баңгизат каражаттарын мыйзамсыз колдонуп, үйүндө сактап жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалыматтарды алышкан 

Бул факты Сузак РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин ( Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыш иши козголгон.

Жалал-Абад ОИИБдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан “М” аттуу жаран Сузак районунун Ленин айыл аймагынын тургуну 1958-ж.т. Г.М. экендиги аныкталып, анын жашаган дарегине ИИМдин БМЖКККнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Кинология борборунун “Макси” каймана аттуу кызматтык ити менен кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн. 

Тинтүү учурунда Г.М. үйүн лаборатория сыяктуу кылып алгандыгы белгилүү болгон. Үйүнүн бөлмөсүнөн 17 даана коробкага салынган жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 8 даана банканын ичине салынган жашыл түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат, 2 даана пакеттин ичине салынган тамекиге оролгон зат, үйүнүн короосундагы сарайынын ичинен 10 даана коробкага салынган жашыл күрөң түстөгү өзгөчө кескин жыты бар зат табылып алынган. 

Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык тинтүү учурунда алынган баӊгизатты 35 килограмм 581 грамм салмактагы “марихуана” баӊгизаты экендиги аныкталган.

Г.М. буга чейин бир нече жолу соттолгондугу, Жалал-Абад ОИИБдин ЭММКАКда 2018-жылдан бери “Йакын-Инкар” диний экстремисттик уюмунун мүчөсү катарында каттоодо тураары белгилүү болду. 

Г.М. жогоруда козголгон кылмыш ишине шектүү катары Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости