www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузакта 5 балалуу 24 жаштагы келин асынып алды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 24 жаштагы келин өз жанын кыйды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

“23-апрелде саат 19:30 чамасында Таш-Булак айылында 1996- жылы туулган келин өзүнүн сарайына барып асынып алган. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Келин 16 жашында турмушка чыккан, 5 баласы бар.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө, каза болгон келиндин ата-энеси кызынын асынып, өмүрүнө кол салуусуна күйөө баласы күнөөлүү экендигин билдиришип, милицияга арыз менен кайрылышкан. Каза болгон келиндин күйөөсүнүн окуяга канчалык деңгээлде катыштыгы бар экени тергөөнүн жүрүшүндө аныкталат. Учурда тергөө иштери уланууда” деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости