www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Porter үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа иш-чарага келген 29 баланы коюп кетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Кырсык бүгүн, 2-майда, саат 13:30дар чамасында болгон. Алдын ала маалымат боюнча, унаада балмуздак сатылып жаткан. Ал кокусунан жылып кетип, балдарды аралап кеткен.
Саламаттык сактоо министрлиги кырсыктан 9 жаштан 16 жашка чейинки балдар жабыркаганын билдирди.
Учурда ооруканага жалпысынан 18 бала (абалдары орто оор) жаткырылып, алардын жетөө Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн (алардын ичинен үчөө оор абалда). Калган 11 жеткинчекке жеринен жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
"Окуя министр Алымкадыр Бейшеналиевдин жеке көзөмөлүндө. Тийиштүү бардык жетекчилерге сапаттуу медициналык жардам берүү, ошону менен бирге керектелүүчү дары-дармек жана медициналык буюмдар менен камсыз кылуу тапшырылды", — деп билдирди ведомство.
Булак: NazarNews.kg