www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сузакта кырсыкта жабыркаган балдарга жана алардын ата-энелерине жогорку окуу жайлардын психологдору жеринде жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар менен Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин, Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргызстан эл аралык университетинин психологдору иштөөдө.
Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 бала ар кандай жаракат алган.
Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келген. Учурда алар Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасында дарыланууда.
Булак: NazarNews.kg