www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районунун айылдык кеңешинин мурдагы депутаты Өзбекстан Республикасынын уюшкан кылмыштуу тобунун лидери С.Абдувалиев менен мамилесинен баш тартты. Бул тууралуу УКМК маалымат таратты.

Анда айтылгандай, УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуулукка жана кылмыштуу идеологияга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу иш-чараларынын алкагында, 2-сентябрда Сузак районунун тургуну У.Ш.А. (03.23.1984) алынып келинген.

Аталган жаран менен профилактикалык сүйлөшүү жүргүзүлүп, уюшкан кылмыштуу топтун идеологиясынан баш тартуу боюнча милдеттенме алынган, анткени социалдык тармактарда анын «Салим Байбача» деген ат менен таанымал, КР аймагында издөө жарыяланган кримавторитет Абдувалиев Салимбай менен түшкөн сүрөтү активдүү таркатылган.

Жүргүзгөн түшүндүрүү иш-чараларынын жыйынтыгында У.Ш.А. криминалдык идеологиядан баш тартып, мамлекеттик өнүгүүнүн позитивдүү тенденцияларын жана Кыргыз Республикасынын белгиленген саясий багытын колдой турганын билдирди.

Белгилей кетсек, У.Ш.А. мурда Сузак айылдык кеңешинин депутаты болуп, 2023-жылдын декабрь айында жер тилкелери менен алдамчылыкка катыштыгы бар экендигинин далилин жок кылуу максатында, Сузак айыл өкмөтүнүн имаратын атайылап өрттөп жибергендиги үчүн 100 миң сом айыпка жыгылган. Ошол эле учурда У.Ш.А. Сузак айыл өкмөтүнүн өрттөнгөн имаратын оңдоого бөлүнгөн 6 млн. сом зыяндын ордун толтуруп берген.

Последние новости