www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы «Абдулло» дыйкан чарбасында шабдалынын түшүмү бышып, жергиликтүү базарларга сатыкка чыгарыла баштады.
Чарбаны ишкер Насурулло Абулкасимов 2025-жылы негиздеп, учурда 30га жакын адамды сезондук жумуш менен камсыздап келет.
«Абдулло» дыйкан чарбасы шабдалы, бадам, анар, алма, жүзүм, өрүк жана карагат өстүрүүгө адистешкен. Жалпы аянты 12 гектарды түзгөн бак заманбап агротехнологиялардын негизинде уюштурулуп, сапаттуу көчөттөр отургузулган.
Анын 6,3 гектары №309 токтомго ылайык Айыл чарба министрлигинин көзөмөлүндөгү жерлерге кирет.
Чарбада өсүмдүктөрдү өз убагында сугаруу, азыктандыруу, бутоо жана илдеттер менен зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.
Ошондой эле 1000 куб метрлик суу бассейни орнотулуп, тамчылатып сугаруу системасы ишке киргизилген.
Учурда өндүрүлгөн мөмө-жемиштер жергиликтүү рынокто сатылууда.
Ишкер келечекте продукциясын экспортко чыгарууну пландап жатат.