www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузактагы унаа сүзгөн балдардын абалы жакшырууда. Бул тууралуу Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Акылбек Маманов билдирди.

 

Дарыгер белгилегендей, төрт балага жаагы жана баш сөөгү сынгандыктан операция жасалды. Операциядан соң балдардын бардыгы палатага которулду.

“Учурда ооруканага жаткырылган балдардын бардыгынын абалы туруктуу, ден соолуктары күндөн-күнгө жакшырууда”, - деп белгиледи ал.

Эскерте кетсек, 2-майда саат 11:30дар чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүнүн Катмы эс алуучу жайында Манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы белгисиз себептерден токтоп турган жеринен жылып, тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жаракат алган. Алардын ичинен абалы оор болгон 10 бала Бишкек шаарына алынып келип, төртөө жанданыруу бөлүмүнө жаткырылган.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости