www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын Свердлов районунун 931 жашоочусу социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан 1,5 тонна көмүр сатып алуу үчүн 5 миң 700 сом өлчөмүндө акчалай компенсация алды.

Маалыматка ылайык, ошондой эле "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасы тарабынан 150 муктаж үй-бүлөгө отун берилди.

Белгиленгендей, Свердлов акимиатынын кызматкерлери көмүр сатуучу жайларды, бааларын жана катуу отундун сапатын текшерди.

“Көмүр Достоевский көчөсү 1 дарегиндеги «Гефест» отун кампасынан чыгарылат. Шабыркул көмүрүнүн бир тоннасынын баасы болжол менен 4 миң 200 сомду түзөт”, - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, райондун аймагында төмөнкү даректерде көмүр сатуучу пункттар бар: Саадаев / Орозбеков көчөлөрү; Келечек жаңы конушу; Ак-Бата жаңы конушу. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости