www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды

Ири суммадагы пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда 20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча судья К.А.К. жана ортомчу кызматын аткарган адвокат Г.М.В. 12 миң доллар опузалагандыгы аныкталган.

Судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү максатында видеокамералар жок жерлерде, тагыраагы дааратканада жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде айрым айыпталуучулардан алган акчаны бөлүштүргөндүгү такталган.

21-мартта судья К.А.К. Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости