www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги айтымчы, төлгөсү төп келген Света  Тойгонбаева менен коомчулукту дүрбөлөңгө салган коронавирус тууралуу баарлаштык.

“Бийлик  бул коронавирус менен күрөшүүдө кайдыгерликке жол бербей чек араларды 2-3 ай жаап, адам эмес, чычкан да өтпөй турган кылышы керек”

Коронавирус жөн эле чыга калган жок. Бул жараткан жиберген сыноо тагыраагы, кыямат-кайымдын белгиси деген коңгуроо. Алла Таала, адамдарды акчаны эле ойлобой пейилди да оңдогула деген максатта ушундай апаатты жөнөттү. Ошондой эле жараткан Кыргызстанга вирустун жеңил түрүн жөнөттү. Эми Кудай деп, ниетти оңдоп, дилибизди тазартсак, эрежелерди так сактасак, түлөө өткөрүп, жамаат менен эркектер намаз окуса, аялдар жолук салынып, жыт чыгарып, кудайдан жакшы тилектерди тилесе, даарат алып таза жүрсөк, жолдогу таштарды терип, ишембилик сыяктуу жер - суунун баарын тазаласак коронавирус жайылбай тез эле токтойт. Антпесек, аягы жаман болуп калышы мүмкүн. Анткени, чыр карталар түшүп жатат.

Бийликтегилер кайдыгер болсо,  адамдар кырылып калышы мүмкүн деген аяндар келе баштады. Баса, коронавирусту жуктуруп алгандардын саны жогоруласа токтотуу көп убакытты талап кылаарын да эскерткен карталар түштү. 

Бийлик да бекем болуп, бул илдет менен күрөшүүдө кайдыгерликке жол бербей чек араларды 2-3 ай жаап, адам эмес, чычкан да өтпөй турган кылышы керек. Ошондой эле карантиндеги талаптарын да туура сактап, дизинфекциялоону да эстен чыгарбай тазалыкты туу тутушубуз керек.

“Коронавирус караңгыга жолобойт, жарык жерде күч алат ”

Бул дартты жеңүү үчүн жалаң эле дарыларга басым кылбай дарылыгы күчтүү чөптөрдү да ичип турушубуз керек. Элдик дарыгерлердин да тажрыйбасын колдонуп, иммунитетти жогорулаткан, вирустарды өлтүргөн чөптөрдү ичишибиз керек. Кандай  болбосун сактыкты күчөтүп, ден соолугубузга аяр мамиле кылышыбыз шарт. Анткени, коронавирус орто жаштагыларга жана карыларга коркунуч жаратып жатат. Ошол эле мезгилде жан дүйнөсү таза, эч кимге жамандык каалабаган, жаман ойлордон алыс болгон, дили таза адамдар ооруга чалдыкпай деген карталар түшү.

Ошондой эле бул вирус караңгы жерге жолобой, жарык жерден өнүп өсөөрүн билдирген  аян келди. Буюрса,  эки жарым, үч айга барып Кыргызстанда вирустун кооптуулугу жоголот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости