www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы Кытайда үй-бүлө культу абдан өнүккөн. Жөнөкөй жарандарга жана жогорку кызматтагыларга түз жүрүп, “коомдун ячейкаларын” түзүүгө буйрук берилген. Бирок, жогорку кызматтагы адамдар үй-бүлөлүк негиздерди ыйык сактоого дайым эле даяр эмес. Ошондон улам, алардын жашоосунда сяосанг (экинчи даражадагы аялдар) пайда болот. Бирок, сяосангдын статусу бул ролду алган кыздар үчүн да, аларды багуу жоопкерчилигин өзүнө алган эркектер үчүн да коркунучтуу болушу мүмкүн.
Статус көрсөткүчү
Иши өргө чаап, ити чөп жеген кытайлык эркектин мыйзамдуу аялынан тышкары сяосанг (экинчи аялы) же ойношу болот. Бул өлкөнүн бизнес маданиятынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу. Адам канчалык ийгиликтүү болсо, экинчи даражадагы аял алганга ошончолук милдеттүү. Мисалы, Кытайдагы ири курулуш корпорацияларынын биринин мурдагы жетекчисинин 146 ойношу бар болчу.
«Рекордчу» Сюя Кияо өзүнүн ийгилиги менен чындап сыймыктанчу. Белгилей кетчү нерсе, экинчи даражадагы аялдардын саны боюнча элеттик чиновниктер шаардык жетекчилерден алда канча ашып түшүшөт. Сяосанг өлкө экономикалык жактан дүркүрөп өсүп жаткан мезгилде пайда боло баштаган.
Буга бир жагынан бийлиги жана акчасы бар эркектерди токол алууга милдеттендирген байыркы салттар да себепкер болгон. Окумуштуулардын пикири боюнча, муну кытайлыктардын улуттук бир өзгөчөлүгү катары да кароого болот.
Анүстүнө бул салт конфуцийчилик концепциясына да туура келет. Анан калса, калктын айылдардан шаарга көчүшү “эң байыркы кесиптин” өкүлдөрүн «жаңылануу» фомаларын издөөгө аргасыз кылды. Экинчи даражадагы аялдардын модасы Кытайдын түштүгүндө, Гонконг, Тайвань жана Сингапурдан бизнесмендер массалык түрдө келе баштаганда пайда болгон.
Алардын дээрлик ар биринин өз туулган жеринде аялы болгон, бирок, жаңы конушта алыскы айылдардан келип, шаардан орун-очок алып калууну эңсеген жаш сулуулар көп эле. Албетте, алардын арасында белек-бечкек, акча жана батир акысы үчүн бай эркектердин койнун жылытуудан баш тартпагандар да болгон. Акчасы жана бийлиги бар бай адам менен таанышуу кыздарга көп жагынан пайдалуу.
Биринчиден, "спонсор" экинчи даражадагы аялына жакшы райондон ижарага батир алып берет. Экинчиден, ай сайын 10 миңден 20 миң юаньга чейин акча төлөйт. Үчүнчүдөн, белек-бечкек, кийим-кече, аксессуар жана зер буюмдарды сатып берип турат. Бирок, бул сяосангдын жана анын колдоочусунун жашоосу таптакыр коопсуз дегенди билдирбейт.
"Экинчи" болуу коркунучу
Сяосанг үчүн негизги коркунуч, албетте, анын статусунда. Эгерде расмий аял экинчи даражадагы күндөшү бар экенин билип калса, анын кесепеттери өтө жаман болушу мүмкүн. Сокку эреже катары чыккынчы күйөөсүнө эмес, анын жаш ойношуна урулат. Сяосанг көбүнчө чиновниктердин аялдарынан токмок жеп, кээде ден соолугуна олуттуу зыян келтирилет.
Бирок, кээде аткаминердин аялы менен ойношу достошуп, алтургай бири-бирине жардам беришкен учурлар да болот. Албетте, жаш кыздар улгайып калган атаандаштарын рыноктон сүрүп чыгарууга аракет кылышат, андыктан, алардан ар кандай ыплас айлаларды күтсө болот. Рыноктогу жогорку атаандаштык эркектерге көптөгөн жаш жана сулуу аялдардын ичинен эң мыктыларын тандоого мүмкүндүк берет.
Ал эми 24-28 жашка чыккан сяосангдар аёосуздук менен андан да жаш, “энесинен башка өбө элек” сулууларга алмаштырылат. Кээде экинчи даражадагы аялы жок жерден чыр чыгарып, же тынымсыз “башы ооруй” берсе, меценат аны жоготуунун айласын издей баштайт.
Мунун эң зыянсыз ыкмасы – жөн гана “иштен бошотуп салуу”. Бирок, кечээги меценат сяосангдын көзүн тазалоого буйрук берген учурлар да кездешет. Өз кезегинде экинчи даражадагы аялдар меценат менен мамилеси түбөлүккө созулбасын жакшы билгендиктен, өзүн абдан кылдат алып жүрөт, спонсоруна каршы компромат чогултуп, эртеңки күнүнө кам көрүп коёт.
Анан даяр материалдарды атайын кызматтарга сатышат. Бул өлкөдө атүгүл “чиновниктердин ойношторунун жардамы менен коррупцияга каршы күрөшүү” деген түшүнүк пайда болгон.
Чындыгында эле Кытайда коррупцияга байланыштуу бир топ кылмыштар мурдагы сяосангдардын жардамы менен иликтенип жатат. Ал эми кытайлык маалымат каражаттарынын жазганына караганда, бети ачылган коррупционерлердин ар биринин жок дегенде бирден ойношу болгон. Көрсө, Кытайдын өзгөчө катуу мыйзамдары да кытайлык эркектердин токол алуусуна тоскоол боло албаптыр...
Булак: Азия News гезити