www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финансы полициясы) ишкерлер менен ачык диалогго даяр экенин мекеменин жетекчиси Сыймык Жапыкеев билдирди.
Финполдун маалымат кызматы билдиргендей, жетекчилердин кеңешмеси өткөн. Жапыкеев бизнести мыйзамсыз жана негизсиз текшерүүлөр токтотулушу керектигин белгиледи.
"Эгерде фискалдык органдар текшерүүчү эмес, өнөктөш болуп иштөөнү тандашса, анда бизнес жүргүзүү үчүн жакшы шарттар түзүлөт. Мамлекеттик кызматкер менен ишкердин ортосундагы диалогго муктаждык бар. Коррупциялык мотив менен бизнеске басым көрсөткөндөр катаал жазасын алышы керек", — деди Жапыкеев.
Анын айтымында, ишкерлерге кысым көрсөтүүгө түрткү берилип жатат деген чагымчыл ушактар тарап жатат.
"Айрым күчтөр менин имиджимди, ошондой эле Финансы полициясынын баркын түшүргүсү келип жаткандай таасир калтырат. Биздин мекеме ишкерлер менен ачык диалогго кызыкдар жана таза иштеген ишкер чөйрөнү коррупциянын басымынан коргоого даяр", — деди Жапыкеев.
Финполдун бөлүмдөрүнө өлкөдө кичи жана орто бизнеске бут тоскон коррупциялык аракеттерди аныктоо боюнча иштерди күчөтүү тапшырылган.
Булак: NazarNews.kg