www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев кухнясын Лениндин кухнясына теңеп, жан-алы калбай мактаган Сыймык Жапыкеев октябрь башаламандыгы болбосо «Чоң Казат» банкрот болмок. Чыр-чатакты эл көрдү, элге кыйын күндөрдү алып келди. Эми Финполдун ордун алган Сыймык Жапыкеев өз капчыгын камын көрүп катуу аракет кылып жаткандай. Учурда УКМК элдин ишеничин актап мамлекет үчүн көптөгөн акча жолдорунун изин таап берди. Тескерисинче Сыймык Жапыкеев мамлекеттин өнүгүшүн эмес, өз капчыгынын өнүгүшүн каалап жаткандай. Фактыларга келели.

Биринчиден, «Кыргыз темир жолу» ишканасынан 250 миң доллар акча талап кылган  Мелис Аспеков, УКМКда  250 миң доллардын 50 миң долларын финпол жетекчиси Сыймык Жапыкеевге бергенмин деп мойнуна алып жатат.

Экинчиден, Сыймык Жапыкеев  бийлик колума тийсе эле Кубанычбек Жумалиевге окшогон элдин мүлкүн жегендерди кустурам деген. Куспай кара жерге кирсин, финпол 160 миң доллар бер деп жатат деп алар элге кайрылган. УКМК буга чейин депутат Кубанычбек Жумалиевден 160 миң доллар алып кармалган адам Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынын башчысынын жардамчысы экенин жарыялаган.

Үчүнчүдөн, Абылгазиевдин өкмөтү учурунда гуманитардык жардам уурдалган, акчалар ысырап болгон, кээ бир жетекчилер бизнес жүргүзүшсө, кээ бирлери белгилүү бир компаниялардын же адамдардын кызыкчылыктарын көздөшкөн. Коронавирустан запкы жегендердин себеби каржылоонун начардыгы, кээ бир жетекчилердин алысты көрө билбегендиги, ач көздүгү болгон. Ошол эле премьер Абылгазиев коронавирус убагында он  миллиарддаган пайда бере турган радио жыштыктарын 700 сомго баалап, казак ишкерлеринен 10 миллиард сом пара алганын элдин бары билет, буга финпол Сыймык Жапыкеев тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Балким Абылгазиев кытылдатып койгондур. Абылгазиевдин өкмөтү учурунда  коронавирус болуп көрбөгөндөй апогейине жетип, анын ордун алган Кубатбек Боронов ал-абалды оңдоп келаткан. Арийне, финпол тарабынан эч айыбы жок Бороновго беш саат сурак жүргөн, эмне коронавирусту жоюп келатканы үчүн финпол ушунча кармап турдубу?

Коронавирус илдетин жайылтууда  өз салымын кошушкан Руслан Казакбаевдин бир тууган келини ошол кездеги социалдык тармактарды жетектеген вице-премьер Алтынай Өмүрбекова менен саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин финполдон суудан кургак чыгып жатканы,  Сыймык Жапыкеевдин капчыгын калыңдатканынан улам болуп жүрбөсүн? Жөнөкөй эле мисал коронавирус убагында спецполиклиниканы жетектеген Гүлмира Баитова өзүнүн жакындарына мыйзамсыз айына 160 миң сомдон айлык чектеп, калгандардын барын акчасыз, кезексиз отпускага айдап жиберген.  Андан көрө тегиз эле барына бирдей акча берсе дурус болмок. Бул жерди текшерүүгө келген Сыймык Жапыкеевдин кызматкерлери, эч кандай кылмыш иши болбогондой жаап коюшуп баса беришти. Гүлмира Баитова менин богума ким куурай сая алат эле дегендей атаандаштарын шылдыңдап, капчыгыңда пулуң турганда ким мага даап сөз айта алат деп манчыркап турган убагы. Көрсө ал тараканга таланып эле эл катары жөн-жай үйдө турчу. Атамбаевдин “үй-бүлөсү” менен жакындашкан соң 300 миң долларлык эң кооз турак-жайдын ээси болду, Жалга да хансарай салдырат. Атамбаевдин аркасына массаж жасап берип жүрүп,курсташым деп ийилип жүргөн  Раиса Атамбаева аркылуу Атамбаевди көндүрүп Саламаттыкты сактоо министри болуп, документтерин топтоп жатканда Атамбаевди бийликтен ажыратып коюшту. Болбосо, ушундай Атамбаевге массаж жасап жүргөндөр министр болушмак. Эмне экен шопур деле мамлекет башкарып, жансакчысы министр болбодубу. Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин“мыйзамсыз байуу” деген 308-1 беренеси бар. Жооптуу кызматты ээлеп турган адамдар 6-8 жылга эркинен ажыратылып, үй-мүлкү конфискация кылынат деп бакыйта жазылып турат. 20-30 миң сом айлыгы менен 300 миң долларлык үйдү кантип алды?  Хансарайды кантип салдырды? Спецполиклиникада дарыканалар тармагы бар дейт, бул жерде өзүнчө эле Гүлмира Баитованын “үй-бүлөлүк мафиясына” айланып кетиптир. Дарыланууга келген адамдардан ушул дарыканалардан гана соода кыласыңар дешип зордукташат. Бул дарыканаларды Гүлмира Баитованын бир туугандары, жакындары ээлеп алган, булардын ким экенин тактап, сыдыргыдан өткөзө турган учур келди? Гүлмира Баитова “спецполиклиниканын” эсебинен Европага, Непалга медициналык жыйындарга барганды сүйчү. Медициналык жыйындарга барабы же мээсин сергитип эс алып келеби ким билет. Негизи аны кызматынан алып туура иш кылышты, бирок мамлекет үчүн кустуруп,кылмыш ишин козгош керек. Эл үчүн кызмат кылып берем деген Сыймык Жапыкеевдин кызматкерлери капчыктарын калыңдатып, алып ишти жаап койгону үчүн ким жооп берет?

Төртүнчүдөн, Атамбаев президент болгон соң биринчи аялы Теңизбаеванын энесине алтындан жасалган Кремль тартуулаганы ооздо калды. «Манастан Чубак кем бекен?» Сыймык Жапыкеев «Мегакомдун» жетекчисинен жаңы жыл алдында календарь алган. Муну өзү да танбайт. «Мегакомдун» жетекчиси жөн эле календарь берип коймок беле, балким алтындан жасалгандыр?

Бешинчиден, Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев мамлекетке 2,5 миллион сом менен кармалып, тез эле бошонуп чыккан. Мунун себеби эмнеде?

Алтынчыдан Тайырбек Сарпашевдин 500 менчик жерин мамлекетке кайтардык деп айтты. Көрсө, ал 500 гектар жер Токтогул районунун тоолорундагы жайыттар, эл барбаган жерлер экен. Эмне Сарпашевдин башка байлыгы жокпу, же аны Жапыкеев шимирип салдыбы?

 Жетинчиден, Көлдүк Сыймык Жапыкеев, вице-премьер министр Максат Мамытканов жана Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев менен бирге 25-декабрда “Жанат” ресторанында көлдүк Садыр Жапаровго тай союп, уча тартып сыйлашыптыр. Кызык президент Жапаровду акчасы көп болсо алтын коюп сыйлай беришсин. Бирок, финполду жетектеп келген соң Гүлмира Баитовага окшогондор берген акчасын капчыгына салып, ишти жаап койбой, күнөөлүүлөрдү айыпка тарта турган болсо, финполдун жакшы жактары көрүнмөк эмес беле?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости