www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ күнү Финполдун жамааты менен коштоштум. Колдон келишинче иштештик. Мындай пикирин финполдун мурдагы жетекчиси Сыймык Жапыкеев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

"Көңүл калды, эч нерсеге кийгилишкен жокмун. Азыр сахар көтөрүлүп үйдө жатам. "Недополитики", эч нерсе кереги жок болуп турат", – деп шилтеме калтырган.

Жапыкеев бир нече саат мурун дагы, "Финполдун жетекчиси катары элим, жерим үчүн так иштегенге аракет кылдым. Эч жерде пара алып же коркутуу менен иш кылган жокмун. Акыркы төрт айда бюджетке 800 миллион сом өндүрдүк. Чоң кылмыш иштери боюнча экспертизалардын корутундусун күтүп жаттык эле. Баары оңой эмес. Акыркы бир жылдан бери катуу нерв болуп, кантым көтөрүлүп кетти", — деп билдирүү калтырган Жапыкеев.

Эске салсак, 5-мартта Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматты премьер-министр Улукбек Марипов жокко чыгарган. Баса, жеңиш ким тарапта азырынча белгисиз, жыйынтыгында Жапыкеев "азырынча" калаксыз калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости