www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сырты сени, ичи мени күйгүзгөн кесиптер

Көпчүлүк жактырган популярдуу профессиялардын бизге белгилүү жакшы жактары, муну менен катар көрүнбөгөн жактары дагы бар. Спикер, актриса, журналист, модель ж.б.у.с.  кесиптер ойго келгенде, жашоо ушул кесиптин ээлеринде сымал көз карашта экенибизди жашырбасак керек. Кесип тандоодо үй-бүлөбүздөн тартып мугалимдерибиз, ал эле эмес медиа, телевизор, сериал сыяктуу көп нерсе түрдүү таасирин берет. Кээде ушул кесип үчүн жаралгандай сезип, карьерабызды ошол тармакта уланткыбыз келет. Бирок, муну ойлоп жатып, ал кесипти толук изилдебей эле жалаң жакшы тарабын көргөнгө көнүп калганбыз. Жашоодо кесиптин популярдуу болушу менен көп нерсе чечилип калбайт, тилекке каршы. Дал ушул максатта сөз кесиптер тууралуу болмокчу.

Моделдикти алып көрөлү, оңой жол менен көп акча тапчу кесип катары белгилүү. Чакыруу, ачылыш, дефилелер... Бир канча мүнөттүк подиумга чыгуу менен табылган миңдеген сумма. Ким эле каалабайт мындайды? Моделдер арасында жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча социалдык чөйрөнүн өнүгүүсү менен аталган кесиптин арасында конкуренция абдан күч алууда. Андан сырткары, кесипке талап кылынган атайын критерийлер, белгилүү өлчөмдөр дагы бар. Айымдардын бою эң аз 170, ал эми эркектердики 185 см болуусу шарт. Алгач физикалык өзгөчөлүктөргө каралат, ал эле эмес дененин дайыма бир форманы алып жүрүүсү керек болот. Математик үчүн күчтүү иштеген мээ кандай маанилүү болсо, моделдик үчүн дагы туруктуу физикалык дене өзгөчө роль ойнойт.

Үзгүлтүксүз фитнес залдарына баруу жана туура тамактанууну айрыкча талап кылат. Бир дефилеге чыгуу үчүн модель күнү-түнү болуучу  тынымсыз даярдыктан өтөт. Хореография, поза берүү аз убакытта ишке ашчу кыймыл эмес. Моделдин подимумда өзүн канчалык көрсөтө алуусу карьерасы менен түз байланышта. Текстиль, мода, косметика сыяктуу кесипке байланышкан түшүнүктөр менен жакын тааныш болууга милдеттүү. Булардын бардыгын аткарып жатып, кай жерде болбосун сулуу, келишимдүү көрүнүшү керек. Сырттан караганга оңой, албетте. Аткарууда кыйынчылык болбой койбойт. 

Диктор болуу 7 күн 24 саат тынымсыз иштөөнү талап кылат 14 жылдан бери дикторлук кесипти аркалаган Түркиялык Пынар Эсен: “Толкунданып кеткенде ооз эле эмес башыңдагылар дагы чаржайыт болуп кетет. Сүйлөгөнүңүз жана физикалык түзүлүшүңүзгө караганда акыл жана стратегиялык ой жүгүртүүңүз көбүрөөк мааниге ээ. Сүйлөшүп жатып ойлонуу деген түшүнүк бар, б.а. түшүндүрүп жатып, 8-9 сүйлөмдөн кийинкилерди ойлонобуз”, -дейт. Бардык эле адам аталган кесипке ээ боло албашын баса белгилеген Пынар, түз эфирге даярдык бир канча саат мурун башталбагандыгын, ал үчүн 7 күн, 24 саат бою даярдык көрүү керектигин айтты. Ошондой эле эфир болбогон күндөрдө күндөлүк кабарларга көз салуу, газета-журналдарга көз чаптыруу жана телевизор көрүү сыяктуу иштерди үзгүлтүксүз аткаруу зарыл экенин кошумчалады. 

Уйкусуз түндөр, саат поясынын алмашуусу тең салмактуулукту бузат
23 жылдан бери пилоттук кесипти аркалаган Сулейман Чакыр кесиби тууралуу төмөнкүлөрдү айтты. “Пилоттук, чемоданды сүйрөп алып кабинага кирип, учуу менен эле чектелбейт. Учуунун алдында, андан кийин дагы олуттуу даярдык жүргүзүлөт. Учуудан мурда учуучу топко атайын брифинг берилет. Аба шарттары, качан көтөрүлүп, кайда бараары, жүргүнчүлөрдүн абалы, аскердик иш болсо ага байланышкан деталдар сыяктуу алгачкы даярдыктар жасалат. Мындан сырткары, самолетту тиешелүү жерден алып, контроль иштери жүргүзүлөт. Учууга жарактуу экендиги текшерилген соң гана жүргүнчүлөрдү киргизүү иши башталат. Бүтүн даярдыктар канчалык өзгөрмөлүү болбосун, даярдануу процесси сөзсүз 1,5-2 саатка уланат. Аталган кесиптин дисциплинаны кылдат талап кылаарын белгилеген учкуч, физикалык жактан эс алуу, уйку жана тамактануунун өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи. Ошондой эле, пилотко керектүү бир бой-салмак критерийи дагы бар. Белгилүү бир жашка чейин жылына 1, алты айда бир жолу медициналык текшерүүдөн өтүп, ден соолугуна маани берүүсү керек. Бир пилот бардык учакты учура албайт, анткени учактардын сертификаты жана айдоо күбөлүгү ар башка. Ал себептүү, ар бир учак үчүн өзүнчө билим алууну дагы талап кылат. “Уйкусуз күндөр көп болот, саат поясынын алмашуусу тең салмактуулугубузду жоготот. Булардын бардыгында көп таасирленбөө үчүн физикалык жактан өзүбүзгө кылдат мамиле кылууга милдеттүүбүз” деп жыйынтыктады пилот өз сөзүн. Идеалдуу көрүнгөн кесиптин билинбеген тараптарын окуп, максатыңыздан баш тартпаңыз, албетте.
Журналисттика бир футболист сыяктуу...

Түркиялык журналист Сердар Деврим өз кесиби тууралуу буларды айтып берди. “Чынында коммуникация факультетине агылган студенттер жазуу иштерине көп кызыгышпайт, ошентсе да “журналистика” дагы да болсо сырты сени, ичи мени күйгүзгөн кесиптердин бири. Журналист болууну самап, бирөөлөр аркылуу алдыма келген студенттер өтө көп. Аларга мен дайыма бир эле суроону узатам: “Журналистика дегенде кандай жумушту элестетесиң? Кимди кумир тутасың?” Жаштар көбүнчө берүүнүн директору же болбосо кабарчы болууну самашат. Алар идеал туткан бул кесип тууралуу көп нерсе билбегендигин айткан журналист: “Журналистика футболист сыяктуу... Белгилүү бир канчасы жакшы акча табат, жакшы жашайт, а калгандары жөнөкөй стадиондо кээде ач, кээде ток. Кабар борборунда 6 күн, 8 саат иштегендердин кабарларын редакциялаган да журналист, сот имаратында ысык-суукка карабай чуркап жүргөн корреспондент дагы журналист. Кыскача айтканда, журналистика деген бир типтүү кесип жок. Бул ишти жаркыраган ал атына карап эмес “мен бул системанын кайсы жеринен орун алам, эмне кыла алам?” деген суроонун негизинде изилдеп, чечим чыгаруу зарыл.

Психологдор туура эмес кесип тандоонун адамдын келечекте бактысыз болуусуна, иш жана иштөө жетишсиздигине, жубай тандоодогу кыйынчылыкты пайда кылып жана ар кандай ооруга дагы себеп болоорун айтышат. Үйбүлө, чөйрө же болбосо социалдык тармактардан таасирленүү менен жаштар көбүнчө коомдук статусу жогору жана популярдуу болгон кесиптерди тандашат. Ошол себептүү иштин эки жагын бирдей кароону сунуштайбыз. Ар нерсенин эки тарабы болгондой, кесиптин дагы эки жагы бар. Тандоо сиздин колуңузда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости