www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эл аралык адам укуктарынын күнүндө, 9-декабрь, саат 10.00дөн 13.00гө чейин Парк Отелде, Сорос Фондунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Медиа Актив Платформасы менен бирдикте, ар кайсы өлкөлөрдөн келген журналисттердин ар кандай маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн ортосунда онлайн телекөпүрө өткөрүлөт.
Иш-чаранын максаты - жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге болгон коркунучтарды жана чектөөлөрдү, сөз эркиндигин жана жалпы аракеттерди талкуулоо.
Бул иш-чаранын жалпы жыйынтыктоочу аракети журналисттердин Кыргызстандын президентине жалпыга маалымдоо каражаттарына жана журналисттерге кысым көрсөтүүнү токтотууга, республикадагы сөз эркиндигин жана массалык маалымат каражаттарынын ишмердүүлүгүн чектеген мыйзам чыгаруу демилгелерин жокко чыгарууга чакырган кайрылуусу болушу керек.
1-декабрдан тарта Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына түрдүү мамлекеттердин коомчулугунун көңүлүн буруу максатында социалдык тармактарда маалыматтык кампания өткөрүлөт.
#ForKyrgyzJurnalist, #ForKyrgyzMedia хэштегтери менен ар кайсы өлкөнүн журналисттеринин жеке аккаунттарынан Кыргыз Республикасындагы журналисттерге жана ЖМКга кысым көрсөткөн ар кандай фактылар жарыяланат.
Буга катар эле change.org жана avaaz платформаларында Кыргызстандагы журналисттерди жана массалык маалымат каражаттарын колдоо үчүн кол топтоо үчүн онлайн петиция ачылат.
Бул иш-чаралардын баары төмөнкүлөргө багытталган:
• Кыргыз Республикасынын журналисттерине жана жалпыга маалымдоо каражаттарына кысым көрсөтүүнү колдоо жана токтотуу;
• Кыргыз Республикасындагы сөз эркиндигинин абалы жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдар билүүсүн камсыз кылуу;
• ар кайсы өлкөлөрдүн журналисттеринин түйүндөрүн түзүү жана критикалык кырдаалдарда бирдиктүү жооп кайтаруу үчүн негиз түзүү.
Иш-чараларга Грузиядан, Молдовадан, Украинадан жана Казакстандын журналисттери, Нью-Йорктогу Журналисттерди коргоо комитети жана Лондондон “Журналист үчүн адилет” уюмунун катышуусу күтүлүүдө.
Онлайн телекөпүрөдө журналисттер Кыргызстандагы жана катышуучу өлкөлөрдөгү сөз эркиндигинин абалы, ар кандай кысым, куугунтук, ЖМКга бөгөт коюу, ЖМКга мыйзамдуу чектөөлөр жана учурдагы кырдаалга жергиликтүү жана эл аралык деңгээлде жооп кайтаруу боюнча жалпы аракеттерди талкуулашат.
Булак: NazarNews.kg