www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов трибунага чыгып сөз сүйлөөгө кайрадан убакыт сурады.

«Бүгүн дагы мага сөз сүйлөөгө 10 мүнөт убакыт берүүнү суранам», — деди депутат.

Добуш берүүгө катталган 73 депутаттын 24ү гана катышып, 19 адам Айжигитовго сөз берүү үчүн добуш берсе, 5 депутат каршы добуш берди.

«Сөз жок сизге бүгүн дагы», — деп жыйынтыктады спикер Нурланбек Тургунбек уулу.

«Бул өтө жаман белги. Бул бизде мыйзам чыгаруучу бийлик бутагы узурпацияланып калганын түшүндүрөт. Бизде «практически» парламент жок экендигин билдирет», -деди депутат.

Белгилей кетсек, кечээ, 12-марттагы жыйында ага сөз берилген эмес.

Последние новости