www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК маалымат таратып, «Kлooп» жана «Темиров Live» тараткан маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

УКМК башчысынын «Насоновское» алтын кенине катыштыгы бар болушу мүмкүн делген «Клооп» жана «Темиров Live» тарабынан мурда жарыяланган макаласына УКМК аталган кендин жалгыз ээси Кыргызстандын жараны Боотаев Азрет Түркменович экенин, ага карата мурда Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунундагы ишмердүүлүгү боюнча иш козголгондугун маалымдады.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө «Насоновское» кенин мурдагы жеке менчик ээси Боотаев «Консульере Групп» ЖЧК компаниясына жетишилген макулдашуулардын негизинде кенди иштетүүгө милдеттүү түз инвестициялардын шарттары менен сатканы аныкталган.

Бирок кийинчерээк «Консульере Групп» ЖЧКсы «Насоновское» кенин сатып алгандан кийин мамлекетке жүктөлгөн милдеттерди аткарбай койгону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын алдында социалдык милдеттенмелерди өз убагында төлөбөгөндүгү, салык карыздары бар экендиги жана комбинаттын өндүрүшүн өнүктүрүүгө инвестицияларды тартпаганы аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралар комплексинин жыйынтыгы боюнча, 12-мартта «Насоновское» кенин иштетүүгө лицензия жокко чыгарылган жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аркылуу мамлекеттин балансына өткөрүп берилген.

«Бул контекстте Камчыбек Ташиевдин «Насоновское» кенин ишкердик субъекттери тарабынан өздөштүрүү жана иштетүү маселелерине эч кандай тиешеси жоктугун жана болбогонун белгилей кетүү керек»,— деп айтылат маалыматта.

Последние новости