www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

12-мартта Бишкектин четиндеги көк бөрү оюнунда каза болгон Сражидинов Мирлан Базаркуловичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 14-мартта өтөт. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.

Мирлан Сражидинов 1980-жылы 4-апрелде Чүй облусунун, Камышановка айылында жарык дүйнөгө келген. 13 жашында атасынан айрылып, чоң аталары байырлаган Чүй облусунун Бөрүлү айылында эр жетилди. Үч бир тууган, эжекеси жана карындашынын ортончусу.

Ал жаш кезинен баштап ат үстүндө чоңоюп, көк бөрүгө болгон кызыгуусу балалык чагында эле башталган. Мирлан Сражидиновдун көк-бөрүдө профессионалдык карьерасы өлкөдөгү көк-бөрүнүн башталыш жылдарына туура келет. Алгачкы оюндары 1997-жылы өзүнүн айылына таандык “Бөрүлү” командасында башталган.

Карьерасынын ийгиликтүү жылдары 2000-жылдардан башталып, “Бөрүлү” командасы Республикалык турнирлерде көптөгөн ийгиликтерди багындырууга киришкен. Ошол жылдардан азыркы кезге чейин Мирлан Сражидинов курамында болгон “Бөрүлү” командасы президенттин кубогун беш ирет катары менен уткан команда катары белгилүү.

Көк-бөрүдө оюндарын баалап, Көк бөрү федерациясы уюштурган Республикалык турнирлерде бир нече жолу мыкты оюнчу наамына татып, Кыргыз Республикасынын спорт чебери наамынын ээси.

Сражидинов Мирлан Базаркуловичти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 14-март күнү саат 10:00дө Сокулук районунун Төш-Булак айылында өтөт.

Последние новости