www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оштогу жер титирөөдөн жалпы 25 үй, 12 мектеп, бир бала бакча жана бир үй-бүлөлүк дарылоо тобу жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жарандык коргонуу комиссиясы имараттардагы эски жаракалар жер титирөөдөн чоңоюп кеткенин аныктаган. 4 турак үй камсыздандыруудан өткөн, калган үйлөр камсыздандыруудан өткөн эместиги кошумчаланды.

Жабыркаган үйлөрдүн 13ү Алай районунда, калганы Кара-Сууда жайгашкан.

Кечээ, 12-мартта саат 9:11де Кыргызстандын аймагында жер титирөө болгонун кабарлаган. Жердин силкинүүсү Ош шаарында жана Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк, Таштак, Нариман, Кыргыз-Чек айылдарында 5 баллга чейин, Кара-Суу шаарында 4 баллга чейин сезилген. 

Последние новости