www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды

Массалык башаламандыктар үчүн кармалган Темирлан Султанбеков үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, 12-октябрь күнү Бишкектин Биринчи май райондук соту Султанбековду №1 тергөө абагына эки айга камоону чечкен.

Жаш саясатчы кармоо учурунда сабалганын жана кыйноого кабылганын 12-октябрда Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда билдирген.

Султанбеков бошотулушу керек экенин бир топ саясатчылар айтып чыгышкан жана бул суроо жаңы шайланган өкмөт башчыга да, парламент спикерине да берилген. 

Султанбековдун адвокаты Чынара Жакупбекова: «Үй камагына чыкты. Азыр чечимди алып, милициянын убактылуу кармоочу жайынан чыгарып келебиз. Мыйзам боюнча, мөөнөтү 10-декабрга чейин болуш керек» деди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости