www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште элдин таламын талашмак түгүл, өмүрү ооз ачпаган депутаттар көп. Булар ооз ачты дегиче оттоп кетишет. Ошолордун бири диплому шектүү Таалайбек Сарыбашев деген депутат.

Мына дээрлик эки жылдан бери оозуна талкан толтуруп алгансып үн чыгарбай, жумуртка баскан тооктой уядан чыга элек. Канчалаган маанилүү окуялар болду, бир дагы өз оюн, пикирин билдирип сөз сүйлөгөн жок. Бары-жогу билинбейт.

Өкүнүчтүүсү, булар башка жагы менен ойлонобу, же атайын жасашабы, айтор, ойдо жок жерден жардын жаракасынан чыга калышып, карапайым элге оорчулук жараткан маселелерди сунуштап жатып калган жоруктары көп.

Мына Таалайбек Сарыбашев "элге ипотекалык үйлөрдү сом менен эмес доллар менен беришибиз керек" деп дөөрүдү.  Мындай суу жукпаган идеяны башы кантип көтөрүп жүрөт таң каласың.

Буга доллардын курсу өйдө-төмөн секирип, элдин кыйналганы бир тыйын тура. Андан дагы бул депутат сөөрөйдө мекенчилдик сезим караманча нөл экен. Сомдун туруктуулугу, Кыргызстанда соода-сатык, алды-берди сом менен гана жүргүзүлүүгө тийиш болгон жоопкерчилик Сарыбашев үчүн түккө турбаганы, анын мекен, өлкө алдындагы жарандык милдети жоктугун көргөзүп турат. Бекеринен Россиянын жараны деген маалыматтар айтылып, жазылып келбептир. Ушундай нигилисттик көз карашы коомго илдет катары жукпас үчүн, мындайларды мамлекеттик кызматка эзели жолотпош керек....

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости