www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ташкентте “Ооганстан – коопсуздук жана экономикалык өнүгүү” аттуу эл аралык конференция аяктады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияга 20 өлкөнүн делегациялары, ошондой эле ар кандай эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана аналитикалык борборлордун эксперттери катышты. Афганистандан Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амирхан Муттаки жана Финансы министринин милдетин аткаруучу Хидаятулла Бадри болду.

Кыргыз делегациясын мамлекет башчынын атайын тапшырмалар боюнча өкүлү Таалатбек Масадыков жетектеди.

Ал белгилегендей, Ооганстандагы кырдаалдын мындан аркы өнүгүшү көбүнесе дүйнөлүк коомчулук жана чөлкөмдөгү мамлекеттер «бул көптөн берки чыдамкай республиканы эл аралык укуктук талаага» кайтарууга кандайча жардам береринен көз каранды. Ал дүйнөлүк коомчулукту азыркы ооган өкмөтү менен конструктивдүү кызматташууга, ооган элине керектүү саясий жана эффективдүү экономикалык жардам көрсөтүүгө, терроризмге жана баңги аткезчилигине каршы күрөштө колдоо көрсөтүүгө чакырды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости