www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келерки жылы ЖККУнун башкы катчысынын орун басарларынын биринин позициясы Кыргызстанга өтөт. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда бул кызматка президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыковдун талапкерлиги жактырылды.

ЖККУга төрагалык кылган Беларустун лидери Александр Лукашенко мамлекет башчылары дүйнөдөгү жана аймактагы коопсуздук, коргонуу маселелерин талкуулаганын билдирди. Ал кыргыз-тажик мамилелерине да токтолуп “Биз муну канааттануу менен белгиледик - Кыргызстан менен Тажикстандын президенттери, алардын чек арасындагы прогрессти алалы. Бул дагы биздин коопсуздук, бул дагы ЖККУнун ыйгарым укуктарына кирет”, - деп айтты. Минск саммитинин жыйынтыгы менен 20га жакын документке кол коюлду. Алардын арасында уюмдун жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн бириккен жетекчилигинин жаңы түзүмү, аскер полигондору жана окуу борборлору, маалыматтык коопсуздук жаатындагы документтер бар.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар. Бүгүнкү саммитке Беларустун, Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын жана Орусиянын президенттери катышты. Уюмдун дагы бир катышуучусу Армениянын өкмөт башчысы барган жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости