www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында болуп жаткан чыр-чатактар чек арадагы абалдын кандай экендигин көрсөтүп койду. Биз бул маселе боюнча аймактык коопсуздук жана эл аралык мамилелер боюнча адис Таалатбек Масадыков менен маектештик.
- Таалатбек ага, жакында Баткендеги кыргыз-тажик чек ара чыры чыкты эле, эки өлкөнүн өкмөт башчыларынын сүйлөшүүсүндө чыр басылгандай болду окшойт, бүгүн тажиктер курулуш материалдарын жыйнай башташкандыгы тууралуу маалыматтар тарады. Албетте, менин билгим келгени бул эмес, кызыгып турганым деги эле чек ара чырларына чекит коюлчудайбы? 
- Кыргыз-тажик окуясындай коркунучтар кыргыз-өзбек чек арасында дагы бар. Мындай окуя ал жактарда дагы кайталанышы мүмкүн. Маселенин алигиче чечилбегенинин себеби, союз таркагандан берки кайсы гана президент, премьер-министр болбосун бири дагы саясий чечкиндүүлүк көргөзүшкөн жок. 
- Кечиресиз, ошол мурдакылардын шалаакылыгын жакшы эле тартып атабыз. Эми кандай кылыш керек? Ошол каталарды эми оңдосо болобу? 
- Мен ошону айтып келатам го. Бул маселе тээ башынан эле, Тажикстан тарап менен дагы, Өзбекстан тарап менен дагы бир столго олтуруп чечилиши керек болучу. Анан ошол жолугушууларда кабыл алынган чечимдерди, сөзсүз жергиликтүү Ош, Баткендин губернаторлору же чек ара аскерлеринин командирлери тездик менен ишке ашырыш керек эле. Бирок, алар дагы колдорунда каражат жок экенине, ж.б. нерселерге шылтап, бул маселе бүгүнкү күнгө чейин чечилген жок.
- Маселенин чечилбей калышында кимдир-бирөөлөрдүн кызыкчылыктары болушу мүмкүнбү?   
- Албетте, кызыкчылык бар, ачык айтыш керек, Тажикстан, Өзбекстан, Кыргызстан тарабында болобу, баарында контрабандага кийлигишкен таасирлүү күчтөр бар. Мына ошол элементтер маселенин чечилишин каалабайт. Эгер кокусунан чечилип кала турган болсо, анда бүгүнкү күнгө чейин ап-ачык, боп-бош эч тоскоолдуксуз өтүп аткан “коридору” жабылып калат дагы, алардын гүлдөп турган контрабанда бизнеси токтоп калбайбы. 
- Демек, ошол сиз белгилеп жаткан контарбанданын өкүлдөрү бийликте олтурушат. Болбосо чек ара эбак эле чечилмек экен да? 
- Ошо мен айтып аткан үч себеп, чек араны тактоого тоскоол болуп жатпайбы. Биринчиден бийлик башына келген президент, өкмөт башчынын саясий эрки күчтүү болушу керек. Экинчиден жергиликтүү бийлик бутактарына, чек ара аскер кызматына деңгээли өтө жогору адистерди тартыш керек. Ошондой болгондо алар, азыр мен айткан үчүнчү маселе, ушул контрабандага кирген топтордун кызыкчылыгына каршы иштерди батыл башташмак. Анан акыры, кошуна өлкөнүн жарандары менен жаман жакшы көргөзүп, ал турсун адам өлүмү менен коштолуп келген “баш оорубуз”, чек ара маселесинен арылмакпыз.
Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости